microSD картаны ичине коюңуз
Бул түзүлүштү Nokia тарабынан кошо колдонууга жактырылган шайкеш microSD
карталар менен гана колдонуңуз. Nokia маалымат ташуучу чиптерине карата
ырасталган өндүрүш стандарттарын колдонот, бирок кээ бир соода маркалары
бул түзүлүш менен толук шайкеш келбей калышы мүмкүн. Шайкеш эмес чиптер
бул чипти жана түзүлүштү же чиптин ичиндеги маалыматты бузуп коюшу мүмкүн.
Аппаратыңыз 2 гб чейин көлөмдүү microSD карталарды колдойт.
1. Эстутум картанын уячасын жапкан капкакты ачыңыз.
2. Тийгизчү жагын өйдө каратып картаны эстутум картанын уячасына салып
жана ордуна баткыдай кылып ныктап коюңуз.
3. Эстутум картанын уячасын жапкан капкакты жабыңыз.